Кыргызстанда коронавирустан 107 дарыгер каза болгону расмий тастыкталды

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери COVID-19дан 107 дарыгер каза болгону тастыкталды. Бул тууралуу 25-майда саламаттык сактоо министрлиги кабарлады

Маалыматка караганда, алардын арасында жеке менчик ооруканаларда да, министрликтин курамында да иштегендер бар. Жалпысынан илдетти жуктурган медиктердин саны 7 747ни түзгөн — алардын 6 478и мамлекеттик ооруканаларда иштегендер. 

Ооруу жуктурган медиктердин 4 883ү компенсация алууга документтерин тапшырган, бирок 1 363ү арызы канааттандырылбай сотко кайрылган. 

Министрликтен компенсация төлөмдөрү түз банктык эсептерге которулганын айтышып, коррупция болгон эмес деп ишендиришти.

Жалпысынан ведомствонун маалыматы боюнча 2020-жылдан 2022-жылдын 31-декабрына чейин 3520 медкызматкерге жалпы 629 млн 579 миң сом кенемте төлөнгөн.

Анткен менен жакында эле Бишкектеги №15 ҮМБнын дарыгерлери 2020-жылдагы жумушу үчүн компенсация берилбей жатканын айтып чыгышкан. Алар оорулуулар менен контактта болуп, өздөрү да илдетти жуктурганын белгилешкен.

Ак халатчандар ооруганы тууралуу справкаларды көрсөтүшкөнүн, бирок жетекчилиги документтерди жоготуп алып кенемте төлөөдөн баш тартканын билдиришкен. Ал эми министрликтен дарыгерлер ооруганын тастыктаган эмес деп жүйөө келтиришкен. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун жалпы 406 миңден ашуун учуру катталып, 3 миңге жакын адам илдеттен каза тапкан. 

Ал эми дүйнөдө COVID-19дан көз жумгандардын саны 20 млндон ашкан. 5-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия бүткөнүн жарыялады.

Башкы беттеги сүрөт: «Азаттык»

ТЕМА БОЮНЧА:

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал аяктады

«Менин өмүрүм сизден көз каранды». Пандемиянын каармандарына арналган көргөзмөдөн сүрөт-баян

Күндүн сүрөтү: Бишкекте пандемияда каза тапкан медиктерге эстелик тургузулду

Бишкек: Медиктер убадаланган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышты

COVID-19 жуктуруп алган медиктерге кенемте азайтылды — эми алар 75 миң сом гана алышат