«Казиного окшош». Кара-Сууда тургундар финброкерди жабууну талап кылып чогулушту

Кара-Суу районунун тургундары 31-майда «Ринго Трейд» финансылык брокер жайын кумар ойнотууга айыптап, жабууну талап кылып чогулушту. Маалыматты 1-июнда «Клоопко» Ош облустук милициясынан тастыкташты.

Буга чейин соцтармактарда видео тарап, анда жергиликтүүлөр аталган жай брокердик ишмердүүлүккө жамынып, мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуп жатат деп нааразы болушкан. Видеодон кишилердин тобу мекеменин алдында топтолуп турушканын көрүүгө болот.

Милициянын маалыматына ылайык, белгисиз жарандар Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн биринде топтолуп турушканы тууралуу кабар Кара-Суу РИИБине 31-май күнү саат 22:40та келип түшкөн. Маалымат милициянын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө, топтолгон жарандар «Ринго Трейд» аталышындагы оюн-зоок ойнотуучулардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча пикирлерин айтышкан. Тургундардын бири арыз менен кайрылып, аталган «оюн-зоок ойнотулуучу имараттын ичине кирген ар бир тургун олуттуу өлчөмдөгү акча каражаттарын уткуруп жиберген» деген.

Андан сырткары милицияга арыз менен финансалык брокердин администратору дагы 31-май күнү саат 22:00 чамасында жумуш учурунда белгисиз жарандар эч бир себепсиз бастырып киришкенин айтып кайрылган. Ал өз арызында жарандар «мекемедеги суусундуктарды уруксатсыз ичип, жумушка тоскоолдук кылышканын, ошондой эле жумуш убактысын алып олуттуу өлчөмдө зыянга учуратканын» билдирген.

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандардын өздүгүн аныктоо жана «Ринго Трейд» аталышындагы финансалык брокердин ишмердигинин мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Казино ишмердигине уруксат берилгенден бери алгачкы жолу казино ачууга лицензия үстүбүздөгү жылы 2-майда тапшырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казино жана букмекердик контораларга лицензия сатуудан мамлекетке 126 млн сом түштү

Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди

Жапаровдун досунун Бишкекте ачылган жаңы казиного кандай тиешеси бар?