Ошто жеңил унаа каналга кулап, үч окуучу каза тапты

Сүрөт: Sputnik Кыргызстан

Ош шаарына караштуу Озгур айылында 2-июнга караган түнү мектеп окуучусу айдап бараткан унаа каналга түшүп кетип, айдоочу жана эки жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы мектеп бүтүрүүчүсү Honda Fit үлгүсүндөгү атасынын автоунаасын уруксатсыз айдап чыккан. Жанында 15 жаштагы эки окуучу болгон. Айдоочу Озгур айылынын Тотоев көчөсүнө келгенде унааны башкара албай, жолго жакын жайгашкан каналга кулап кеткен.

Унааны башкарган маркум — Кара-Суу районунун тургуну, «Ак-Буура» мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал эми унаадагы жүргүнчүлөр — Озгур айылынын Тотоев көчөсүнүн тургуну, Оштогу Алымкулов атындагы мектептин 9-класынын окуучусу, экинчиси — анын үйүнө келген Ноокат районунун 15 жаштагы тургуну, мектеп окуучусу болгон.

Ош шаардык милициясы ушул тапта териштирүү иштери башталганын маалымдады.

Буга чейин, 20-апрелде Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү мектеп-лицейдин окуучуларын ташыган автобус жол кырсыгына кабылган. Анда мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен кагышканы айтылган. Ооруканага жалпы 27 бала кайрылган.

Саламаттык сактоо министрлиги 6-майда кырсыктан жаракат алып, комада жаткан бала өзүнө келгенин маалымдаган.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Окуучулар кабылган жол кырсыгы: Бир бала комада, үчөө палатага которулду

Сокулуктагы окуучулар кабылган жол кырсыгы: Комада жаткан бала өзүнө келди