Ысык-Көл: Президент чек арачылар үчүн курулган жаңы пансионатты ачты

4-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылына чек арачылар үчүн курулган жаңы пансионаттын ачылышына катышты.

Маалыматка ылайык, эс алуучу жайга коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл салынган. Пансионаттын жашыл аймагында балдар ойноочу аянтча бар.

«Эгемендүүлүк жылдарында Ысык-Көлдө биринчи жолу чек арачылар үчүн ведомстволук пансионат ачылды. Бардык облустардан, анын ичинде алыскы райондордон чек арачылар келип, үй-бүлөсү менен толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Пансионаттын курулушу өткөн жылдын декабрында башталган. Ал үчүн каралбай калган мурдагы «Дельфин+» пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген. Бирок өлкө башчынын басма сөз кызматы курулушка каражат кайдан жумшалганын жана канча акча сарпталганын ачыктаган жок.

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш иш-чаралары салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыктабайт.

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын ачыкка чыгарышкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент УКМКнын киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты