Камчыбек Ташиев УКМКнын Ноокат районундагы кезектеги жаңы имаратын ачты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусунун Ноокат районундагы бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов 3-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылышына Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, атайын кызматтын ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

Рахманов жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар бар экенин белгилеп, заманбап техника менен жабдылганын кошумчалады.

Бирок Рахманов жаңы имарат кайсы каражатка салынганын жана курулушка канча акча сарпталганын ачыктаган жок. Бул боюнча материал жарыяланарда УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Үстүбүздөгү жылдын август айынан азыркыга дейре ушуна менен УКМКнын жаңы төртүнчү имараты ачылып жатат. Буга чейин, 27-августта УКМКнын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлгөн болчу.

2021-жылдын сентябрынан тартып бийлик өлкөнүн ар аймактарында УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имараттарды кура баштаган. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Бишкекте УКМКнын академиясы курула баштаган.

Мындан тышкары УКМКнын Бишкекеги кызматкерлерине батирдин ачкычы тапшырылып, Жалал-Абад жана Таластагы кызаткерлерге батир куруу пландалып жатканы айтылган.

УКМК үчүн курулган жаңы имараттар: