Кайгуул милициясы: Үч айда мас абалда унаа айдаган 1200дөй киши күбөлүгүнөн ажыратылды

Үстүбүздөгү жылдын мартынан тарта, үч ай ичинде мас абалда унаа башкарган 1200дөй адам айдоочулук күбөлүгүнөн убактылуу ажыратылды. Бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч айда жол эрежесин бузган жалпы 1771 мас айдоочу катталган. Алардын 500гө чукулу соттун чечимин күтүүдө — алар да айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн.

Мындан тышкары айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарып баратканда кармалган 100 киши үч сутка абакка отуруп чыкты.

Кайгуул милициясы эгер айдоочу жаза мөөнөтү аяктагандан кийин кайрадан мас абалда унаа башкарып же жол эрежесин бузуп кармалса, унаасы да, күбөлүгү да үч жылга берилбей турганын эскертти. 

8-марттан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылары кабарланган. Ал эми жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдун өлчөмү көбөйтүлгөн.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айыптын өлчөмү көбөйгөндөн кийин, мас абалда унаа айдагандардын саны 41%га азайганын билдирген.

Ошондой эле үч айдын ичинде жол эрежесин бузган айдоочулардан 119 миллион 276 миң сом өндүрүлгөнү маалымдалган.

Автору: Айжамал Бексултанова.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул 15 миң сомго чейин көтөрүлдү