Равшан Жээнбековдун кызы чет мамлекеттердин элчиликтерине жана укук коргоо уюмдарына кайрылды

Камактагы Салкынай Алимбаева менен Равшан Жээнбековдун кызы Каныкей кыргыз бийлиги ата-энесине саясий кысым көрсөтүп жатканын айтып чет мамлекеттердин элчиликтерине жана укук коргоочуларга кайрылды.

Каныкей Равшан кызы алардын үй-бүлөсү кабылган кысымдан улам, ал жана анын агалары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

«Мына эми президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев атамды үй-бүлөсүн пайдаланып кыйноону чечишти. […] Бийликтин атамдын айласын кетирип, кыйноого алуунун себеби — ал түрмөдө болсо дагы Кыргызстандагы саясий шайлоого катышууну чечкен», — деди ал.

Кайрылууда, Каныкей апасы жөн гана жубай катары күйөөсүн колдоп, апа катары балдарын тарбиялоо менен эле алек болуп саясатка аралашпаганын белгилеп, Кыргызстандагы камактардын начар шарттарынан улам апасынын ден соолугуна сарсана болуп жатканын айтты.

«Апамды камоодо бийлик апамдын 13 жашар кызы бар экенин көз жаздымда калтырууну чечти! Ал жашы жете элек кыз. Ата-энемди камоого алып, кичинекей сиңдимди атасыз, апасыз калтырууну чечишти», — деди Каныкей.

Ал кайрылуусун укук коргоо уюмдарынан жана чет мамлекеттердин элчиликтеринен ата-энесинин иштерине жана Кыргызстандагы жалпы кырдаалга көңүл бурууга өтүнүүсү менен жыйынтыктады.

Буга чейин, Равшан Жээнбековдун кайненеси Рахима Алимбаева президент жана УКМКнын төрагасына кайрылып, кызы менен күйө баласын бошотууну өтүнгөн.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.

Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын уулу Азат Равшан апасын күч менен алып кетишкенин, 13 жаштагы карындашы жалгыз калганын кабарлаган. Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

Алимбаеванын адвокаты ал түшкө жакын атайын кызматка кирип, сегиз саат сурак бергенин, жактоочу менен жолугууга мүмкүндүк берилбегенин билдирген.

Ал сегиз саат сурактан соң УКМКнын ТИЗОсуна калтырылган. 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Алимбаеваны эки айга камакка алууну чечкен. Ага «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылууда. Бирок Алимбаева сот залынан чыгып баратканда «күнөөсү жок» экенин айткан.

Автору: Бурулсун Жумалиева