Түркиядагы зилзала: Президент ӨКМдин куткаруучуларына сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров ӨКМдин кызматкерлерине сыйлык тапшырды. Алардын арасында Түркиядагы зилзалада куткаруу иштерине көмөктөшкөндөр да бар. Бул тууралуу 14-июнда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бир тууган элдин башына түшкөн мындай оор мүшкүлдө жардамга кол сунгандардын сап башында кыргыз мамлекети турду. [...] Куткаруу иштерине барган жигиттерибиз урандынын астында калган туугандарына жардам бере албай, айласы куруп, кыйынчылыкка туш болгон түрк элине жөлөк-таяк болуп, жакындарын куткарып, адамгерчилик деген улуу сапаттын үлгүсүн көрсөтүштү», – деди ал.

Жапаров ӨКМ өз миссиясын мыкты деңгээлде аткарып, 60 мамлекет мүчө болгон эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун аткаруу комитетине алты жылдан бери төрагалык кылып келе жатканын баса белгиледи.

Буга чейин, апрелдин ортосунда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дагы куткаруу иштерине катышкан Темирлан Жумамүдүновго жана Түркиядагы элчи Руслан Казакпаевге мамлекеттик сыйлык тапшырган болчу.

Түркиядагы зилзала

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда эки жолу катуу жер титиреп, 50 миңден ашык адам каза таап, жүз миңдеген киши жабыркаган. Кырсыктан кесепетинен миңдеген имарат кыйраган.

Куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 182 куткаруучу барган. Алар сегиз адамды урандынын алдынан тирүү алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн чыгарышкан.

Кыргыз бийлиги Түркияга жардам иретинде 127 боз үй, 2 кийиз контейнер жана жети стандарттык палата жөнөткөн. Кийинчерээк кыргыз боз үйлөрүндө окуучуларга сабак өтүлүп жатканы кабарланган.

Ошондой эле бийлик зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачып, ага 103 млн сомдон ашуун каражат түшкөнү айтылган.

Зилзалада Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы жана дагы бир жаран урандынын алдында калып каза тапканы белгилүү болгон.

Автору: Айжамал Бексултанова

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандарды кыргызстандыктар кантип куткарышты?