Ноокат: Тургундар ажы той өткөрүүнүн ордуна өздөрү жашаган көчөнү оңдоп беришти

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Ноокат районундагы Өрнөк айылынын тургундары Чыңгыз Боркошов менен Азиз Тешеев айылдагы 10 жылдан бери оңдолбой жаткан көчөгө шагыл төшөп беришти. Бул тууралуу 27-июнда «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, тургундар ажылык сапардан келгенден соң той өткөрүүнүн ордуна, өздөрү жашаган Шүкүров көчөсүнө шагыл төгүп берүүнү туура көрүшкөн.

Көчөнүн жолун тегиздөө үчүн 70 миң сом жумшалганы айтылат.

Бул өлкөнүн аймактарындагы тургундар өз демилгеси менен социалдык көйгөйлөрдү чечкен биринчи учур эмес. Буга чейин да Ноокен районунун тургуну Айтмамбет Мамадалиев апасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна үй-бүлөсү менен өзү жашаган айылдын жолун оңдоп берген.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын тургуну Нурлан Сейиткулов жергиликтүү бейтапкананын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жанына кошумча имарат куруп берген.

Сейиткулов шаардагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын 5,5 миллион сомго оңдоп, жаңы эмеректерди алган. Ал бул саамалыкты 35 жашында оорудан каза болгон апасынын жаркын элесине арнаган.

2021-жылдын июль айында Ош облусунун Алай районунда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берген.

Алар курулушту баштан-аяк өз каражатына бүткөрүшкөн. Анда айылдын имамы «мындай саамалыктар ысырапкорчулуктун алдын аларын жана элге пайдасы тийсе маркумга сообу жетерин» белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:
Ноокенде үй-бүлө апасынын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна жолду оңдоп берди

Жалал-Абаддын тургуну өз каражатына бейтапкананы оңдоп, кошумча корпус куруп берди

Алайда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берди

Жалал-Абад: Тургундар каражат чогултуп дарт аныктоочу аппарат сатып алышты