Ош: «Ринго Трейд» финансылык брокерине ири суммада акча уттурду делген тургундардын видеосу тарады

Соцтармакта Ош шаарынын тургундары «Ринго Трейд» финансылык брокеринде «кумар оюндарын ойноп», акчасын уттуруп жатканы тууралуу видео тарады. Жеринде тартылган видеону 10-июлда Аваз Номанов атуу фейсбук колдонуучусу жарыялады.

Видеодогу үн «кумарканада» кыргызстандыктар гана отурганын айтса, ал жерде жүзүн жашырып отургандардын бири 10 миң доллар, экинчиси 130 миң сом уттурганын айткан.

«Башка мамлекеттин жарандары ойнойт деди эле, бул жерде Кыргызстандын тургундары эле ойноп, акчасын уттуруп жатат. Алардын балдары, ата-энеси бар. Ким чара көрөт? Эми булардын акчасын ким кайтарып берет?» — деп нааразы болгон видеого тартып жаткан киши.

Видеодон имараттын ичи жасалгаланып, бир нече бөлмөгө копьютерлер орнотулуп, бардык шарттар түзүлгөнүн көрүүгө болот.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынан бул боюнча иликтөө башталганын билдиришти. Милициядан окуяга юридикалык баа берилерин белгилеп, кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин Кара-Суу районунун тургундары «Ринго Трейд» финансылык брокерин кумар ойнотууга айыптап, жабууну талап кылышкан. Тургундардын бири милицияга арыз менен кайрылып, аталган имаратка кирген ар бир тургун ири өлчөмдө акчасын уттуруп чыгарын» айткан.

Ош облустук милициясынан Кара-Суудагы финансалык брокердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жатканын билдиришкен. 

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Казино ишмердигине уруксат берилгенден бери алгачкы жолу казино ачууга лицензия үстүбүздөгү жылы 2-майда тапшырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Казиного окшош». Кара-Сууда тургундар финброкерди жабууну талап кылып чогулушту