Кара-Сууда төрөт үйүндө акушер сабалганы боюнча видео тарады

Оштун Кара-Суу районундагы Нариман аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө кош бойлуу аялдын жакындары нөөмөттөгү акушер-гинекологго кол салды. Бул тууралуу 16-июлда Көз карандысыз медициналык кесиптик кошуундун жетекчиси Бермет Барыктабасова фейсбук барагына жазды.

Барыктабасованын айтымында, окуя 11-июлдун кечинде болгон. Анда көз жарганы келген аялдын жакындары али төрөлө элек ымыркайды башка адамга каттап берүүнү талап кылган. Акушер «документти жасалмалай албасын» айтканда, аны ур-токмокко алышкан. 

«Врач өз милетин аткарганы — жаңы төрөгөн аял менен ымыркайды туура каттоого алуу керек дегени үчүн сабап кетишти. Ал маалымат Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлөт. Маалыматты бурмалоо кылмыш», — деди ал.

Ошондой эле Барыктабасова жабыркаган врачтын түшүнүк катынан үзүндү жарыялады. Анда акушер «аялды көрүп, кош бойлуулугу тууралуу картасын окуган соң, аны Ош шаарындагы төрөтканага жолдогону» айтылат. 

Жабырлануучунун айтымында, кош бойлуу аялдын тууганы Оштогу төрөтканага барууга макул болбой, «ушул жерден төрөтүп, ымыркайды мага каттайсың» деген талап койгон. Андан соң, күтпөгөн жерден кол салып, ура баштаган. Ал эми кош бойлуу аялдын жолдошу акушердин колун кармап турган. Дарыгерлер болсо милиция чакырган.

«Бир аз өзүмө келип, кайра жумушка кириштим. Таң аткыча нөөмөттө болдум. Бирок дендароо болуп жүрдүм. Анда ооруну деле сезген эмесмин. Нөөмөттөн кийин гана медэкспертизадан өтүп, текшерилдим. Бардык жерим ооруп, кайра-кайра кусуп жатып үчүнчү күн дегенде ооруканага жатууга мүмкүн болду. Ага чейин орун жок дешкен», — деп белгилеген жабырлануучу.

Акушерге кол салды делген аял. Сүрөт Бермет Барыктабасованын фейсбук барагынан алынды.

Ош облустук милициясынан «Клоопко» жабырлануучу 12-июлда Кара-Суу РИИБине кайрылганын тастыкташты. Милициядан бул иш каттого алынып, учурда териштирүү жүрүп жатканын белгилешти.

Барыктабасованын айыптоосу

Көз карандысыз медициналык кесиптик кошуундун жетекчиси «дарыгерлер коомунун атынан блогер Улукбек Карыбек уулун сот жообуна тартууну» талап кылды. Ал «блогер миллиондогон кишини төрөтканаларды бузууга чакырганы үчүн күнөөлүү» деп эсептейт.

«Улукбек менен байланышын так аныктоо кыйын, бирок элдин көпчүлүгү медиктерди уруп, алардан мыйзамды бузууну талап кылуу кадимки көрүнүш деп эсептеп калды», — деп белгиледи ал.

Бирок, бул боюнча блогер Улукбек Карыбек уулунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. 

Блогердин кармалышы

Блогер Улукбек Карыбек уулуна 15-июлда «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камалган. Милициядан блогер эки шериги менен облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө «санитардык норманы сактабай бастырып кирүү менен дарыгерлерге зыян бергенин» айтышкан.

Алар төрөтканага дээрлик 37 миң сомдой зыян келтирилгени жана дарыгерлердин кандай жаракат алганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилешкен.

Ал эми Карыбек уулу милиция кызматкерлери аны «бюртманын» негизинде кармашканын айткан. Блогер аны камакка алууга Оштогу төрөтканадагы «коррупция» тууралуу жарыялаган видеосу негиз болду деп эсептейт.

Ал буга саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Билим берүү министрлигинин «тиешеси бар» деген күмөн оюн билдирген. Кийин ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.