Кыргызстанда акыркы жарым жылда 5 тоннадан ашык баңги каражаттары мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

Иллюстративдик сүрөт

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2023-жылдын алгачкы 6 айында баңгизатка байланыштуу 753 кылмыш ишин аныктады. Бул тууралуу 18-июлда ИИМден билдиришти

Маалыматка караганда, жалпы 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Министрликтен 6 айдын ичинде баңгичиликтин алдын алуу багытында 180ден ашык иш-чара өткөрүлгөнүн белгилешти. 

Ошондой эле ишти начар уюштурганы үчүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын облустук башкармалыгынын бир нече жетекчи жана кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлган

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 6,6 тонна баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокатта баңгизат жүгүртүү менен алектенген беш адам кармалды

ИИМ: 6 килограмм синтетикалык баңги зат «мефедрон» менен 22 жаштагы жаран кармалды

Бишкек: Милиция кызматкерлери баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ээсин кармашты