Бишкек: Мэрия муниципалдык ишканалар үчүн 77 даана атайын техника сатып алды

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн 331 миллон сомго 77 даана атайын техника жана жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу «Клоопко» 24-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Техникалар «Бишкек жашыл чарба», «Бишкек суу чарба», «Бишкек жарык», «Бишкек шаар лифт», «Бишкек асфальт сервис», «Тазалык» жана «Бишкек санитардык полигону» ишканаларына өткөрүлүп берилди. Аларды тапшыруу аземине калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Жаңы техникалардын арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсинератор да бар экени айтылат. Бирок, мэрия техниканы кайдан сатып алганын ачыктаган жок.

«Борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника алынып келинсе, анын 60ы техника, 16сы жабдуу. Мындан тышкары “Бишкек суу чарба” ишканасына дагы бир атайын техника келүүсү күтүлүүдө», — деп кошумчалашты мэриядан.

Акыркы жылдары кыргыз бийлиги аскердик жана атайын техникаларды сатып алууда. Буга чейин, 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 даана жаңы техника тапшырылган.

Анда өлкө башчысы Садыр Жапаров 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү программасында артыкчылык берилгенин айтып, белгиленген жылга чейин 700гө жакын атайын техника сатып алуу пландалып жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Транспорт министрлигине 265 даана жаңы атайын техника тапшырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 400 миллион сомго алынган атайын техникалар тапшырылды