Байсалов: Бийлик санкциялар боюнча АКШ, Европа менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда Кыргызстанда санкция коркунучу бар экенин, бийлик АКШнын, Европанын жетекчилери менен сүйлөшүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал 29-июлда «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

«Алар деле түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Анткени бизде эркин базар экономикасы. Бат эле фирмаларды ачып коюшат. Биз бардык фирмаларды тыкыр көзөмөлдөй албай калып жатканыбызды өнөктөштөр деле түшүнүп турат», — деди Байсалов

Ошондой эле ал, санкциялар жеке фирмаларга салынып жатканын, алардын жетекчилери, негиздөөчүлөрү чет өлкөлүк жарандар экенин кошумчалады.

Буга чейин, 20-июлда, АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын төрт компаниясына санкция салган. Вашингтон бул компаниялар Орусияга санкциялык товарлардын жеткирилүүсүнө тиешеси бар деп айыптаган.

Cанкциялар RM Design and Development, «ГТМЕ Технологиялар», «Прогресс лидер» жана «Карголайн» компанияларына салынган. Төрт компания тең Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабда кол салып баштагандан кийин түзүлгөн.

Ушуну менен АКШ жалпы беш кыргыз компаниясына санкция салды. Жогоруда аталган төрт компаниядан тышкары АКШнын Финансы министрлигинин кара тизмесинде Tro.Ya компаниясы бар. Бул компания Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарына колдоо көрсөткөнү үчүн санкцияга кабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

АКШ дагы төрт кыргыз компаниясына санкция салды

The Washington Post: Орусияга «көмөктөшкөн» кыргыз ишканаларына санкция салынышы мүмкүн

Акылбек Жапаров Кыргызстан санкцияга кабылбаш үчүн чара көрөрүн билдирди

УКМК: АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга Кыргызстандын да, мамкомпаниялардын да тиешеси жок