Теңгиз Бөлтүрүк эки ишканадан ай сайын 100 миң доллар айлык алып турган — Kaktus.media

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкыбашкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк эки компаниядан ай сайын 100 миң доллар маяна алып турган — 55 миң доллар «Кумтөр Голд компаниден» жана 45 миң доллар «Улуу көчмөндөр мурасы» ходингинен. Бул тууралуу 9-августта өздүк балктарына таянып Kaktus.media басылмасы жазды.
   
Басылманын өздүк булактарынын маалыматына ылайык, Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп, Бөлтүрүк 2021-жылдын августунда «Кумтөр Голд компанидеги» маянасын эч негизсиз 40 миң долларга чейин, ал эми ошол эле жылдын декабрында 55 миң долларга жакын көбөйтүп алганын аныктаган. Жалпы жонунан Бөлтүрүк 2021-жылдын майынан 2022-жылдын февралына чейин 473,2 миң доллар сый акы алган. 

Мындан тышкары, Бөлтүрүк өзү төрагасы болуп турган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы ага ай сайын 45 миң доллар өлчөмүндө айлык төлөп турган. Төлөмдөр ага 2021-жылдын аягында Финансы министрлиги менен Бөлтүрүктүн ортосунда түзүлгөн чукул келишимдин алкагында төлөнүп турган. Ошондой эле башкармалыктын төрагасы үстөк акыга, башка социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди алууга укуктуу болгон

«Эң консервативдүү эсептөөлөр боюнча, Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын сентябрына чейин 600 миң доллар тапкан», — деп жазат басылма.

Ошондой эле журналисттер өткөн жылдын аягында минкаб аталган холдинг мамлекеттик бюджеттен каржыланары тууралуу маалымат бергенин эске салышкан. Финансы министрлигинин маалыматына боюнча, холдинг 2022-жылдын башынан бери 3,4 млрд сомго капиталдаштырылган. Ведомство бул каражаттар бюджетке кайтарылып, 700 млну холдингге калтырылат деп ишендирген. Анын ичинен болжолдуу 680 млн сому бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө кайтарылышы керек болчу, ал эми дээрлик 20-30 млну холдингдин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жана иш орундарын ижарага алуу сыяктуу башка чыгымдарга жумшалмак.

«Кумтөр» жана Бөлтүрүктүн камакка алынышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тарта жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген. 2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Бөлтүрүк 2022-жылдын сентябрында кармалган. Бул Башкы прокуратура кендин ишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен үч кылмыш ишин козгогондон кийин болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, компания мамлекетке 1 млрд доллардан ашык зыян келтирген. Бөлтүрүк менен кошо камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын башчысы Рыспек Токтогулов жана компаниянын аткаруучу директору Канат Курманов кармалган.

Март айынын ортосунда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалгандар жалпы келтирилген 1 млрд 146 млн сом зыяндын 642 млн сомун төлөп беришкенин билдирген.

Быйыл апрелде Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн, ал эми июлда сот анын камактагы мөөнөтүн 2023-жылдын 10-августуна чейин узарткан.  

Автору Медина Шамшидинова