Өмүрбек Текебаев Финляндияга, Бактыбек Аманбаев Канадага элчи болуп дайындалды

Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев Финляндияга, Америкадагы элчи Бактыбек Аманбаев Канадага элчи болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, Текебаев менен Аманбаев элчилик ишин айкалыштыруу менен Берлинде жана Вашингтондо туруп иштейт.

64 жаштагы Текебаев Германияга өткөн жылдын февралында элчи болуп дайындалган. Анын саясий карьерасы 1991-жылы баштаган — ал «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрагасы болгон. Ал эми 1994-жылдан тарта Текебаев оппозициячыл «Ата Мекен» партиясын жетектеген.

Бактыбек Аманбаев болсо АКШдагы элчилик кызматка 2021-жылдын апрелинде дайындалган. Ал 2020-жылы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясы менен катышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өмүрбек Текебаев: Активисттерди коркутуу жана кармоо жакшылыкка алып келбейт

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»