Токаев кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды жөнгө салууну тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды бир туугандык мамиленин негизинде жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу 26-августта президенттин басма сөз кызматы телеграм каналында билдирди.

«Ошондой эле, чек арадан мыйзамсыз товар ташууну болтурбоо үчүн санариптештирүүнү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи», — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 24-августтагы маалыматына ылайык, чек арадан өтө албай жаткан жүк ташуучу унаалардын сан 600дөн ашат — «Ак-Тилек» өткөрүү жайында 379, «Чалдыбарда» 73, «Кең-Булуңда» 89, «Чоң-Капкада» 73.

Ошол эле маалда кыргыз тараптын өткөрүү пунктары штаттык режимде иштеп жатканы айтылат.

Буга чейин, экономика министрлиги Казакстан Кыргызстандан чыккан товарлардын эркин өтүүсүн чектөө менен ЕАЭБдин негизги принциптерин бузууда деп билдирген.

Ошондой эле министрликтен «мындай кырдаал кайталанма мүнөзгө ээ экенин жана казак тарап Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жайлатуу үчүн дайыма түрдүү себептерди табарын» белгилешкен.

Кезекте турган айдоочулар «казак тарап Кыргызстан Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтоткондуктан чек арадан оор жүк ташуучу унааларды атайылап өткөрбөй жатат» деген пикирин айтышкан.

Өз кезегинде Казакстандын Чек ара кызматы бул боюнча комментарий берип, «чек ара аймагында, анын ичинде өткөрмө пунктарында мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатат» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экономика министрлиги: Казакстан товарларды эркин өткөрбөй ЕАЭБдин негизги принцибин бузууда

Ирригация институтунун башчысы чек арада күтүп калган фуралар боюнча казак бийлигине кайрылды