Парламенттеги диплом чыры: Фарходбек Алимжанов ОшМУну сотко берди

Фарходбек Алимжанов. Сүрөт: Интернеттен алынды

Депутаттык мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжанов диплом чырына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин сотко берди. Бул тууралуу «Клоопко» 28-августта эл өкүлүнүн жактоочусу Самарбек Болотбеков билдирди.

Алимжановдун жактоочусу Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын мандатын ОшМУнун чечиминин негизинде эмес, Билим берүү жана илим министрлигинин гана чечимине ылайык жокко чагырышы керек экенин айтты. Жактоочу мында «процедура бузулган» деп эсептейт.

Ошондой эле Алимжанов ага карата «жогорку окуу жайдын сынактарына катышкан эмес» деген дооматтарга дагы даттанганы айтылды. Эл өкүлү өзү «университеттеги бардык сынактарды толук тапшырганын, окуу жылынын ортосундагы сынактарга мөөнөтүнөн мурда киргенин» билдирди.

Ош облустук соту эл өкүлүнүн арызы боюнча алдын ала соттук угууну 4-октябрга белгилегени белгилүү болду.

Ал эми ОшМУ бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мандатынан ажыраган депутаттар

6-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловду мандатынан ажыраткан.

Мындай чечимге алардын дипломдорунун жараксыз деп табылганы негиз болгон. Кийин алар Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылган.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «депутат болуу үчүн талапкер жогорку билимдүү болуш керек» деген талап 2021-жылы гана киргизилгенин билдирген. Анын айтымында, мурда талапкерлерден диплом талап кылынчу эмес.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Атайын кызматтан жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университети шектелерин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жасалма диплом чыры: Сот мандатынан ажыраган эки депутаттын арызын канааттандырган жок

Жасалма диплом чыры: Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыратты