Чек ара кызматы учурда кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр жок экенин билдирди

Кыргызстандын Чек ара кызматынан «Клоопко» азыркы тапта кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочулар жок экенин кабарлады.

«29-август саат 14:00гө карата чек арада кезек күткөн айдоочулар жок. Бардык өткөрмө бекети кадимки тартипте иштеп жатат», — деди Чек ара кызматынын өкүлү Жаныбек Турсунбеков.

Чек арадагы унаалардын кезеги 21-августтан тарта пайда боло баштаган. Алгачкы күндөрү козөмөлдөөчү бекеттен өтө албай жаткан фуралардын саны 370ти түзсө, 23-августта алардын саны 600дөн ашкан.

Айдоочулар казак тарап Кыргызстан Киров суу сактагычынан «суу берүүнү токтоткону үчүн жүк ташыган унааларды атайылап күттүрүп жатат» деп арызданган.

Кийин Айыл чарба министрлигинин ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев казак бийлигине кайрылып, коңшу өлкөгө суу берүү «Кировдо суу калбай калгандыктан токтотулду» деп түшүндүргөн.

Ал эми Казакстандын Чек ара кызматы «эч кандай чектөө чаралары киргизилген жок, өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат» деп билдирген.   

26-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чек арадагы кырдаалды бир туугандык мамиленин негизинде жөнгө салууну тапшырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айыл чарба министрлиги: Киров суу сактагычынан Казакстанга сугат суу берүү убактылуу токтотулду

Токаев кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды жөнгө салууну тапшырды