Бишкек: Садыр Жапаров «Барселона» академиясынын курулушуна капсула салды

30-августта Садыр Жапаров Бишкекте курула турган «Барселона» футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, аянты 15,85 гектарды түзгөн академия Бишкек шаарынын түштүгүнө курулат. Аймакта 10 миң кишилик футбол стадиону, эки чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече футбол аянтчалары, спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе болот.

Ошондой эле, «Барселона» бренди менен мейманкана, 1000 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, 700 орундуу бала бакча курулары айтылды.  

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тартылган инвестициянын көлөмү 10 млрд сомго жакын. Долбоорду 2026-жылдын төртүнчү кварталына чейин бүтүрүү пландалууда. 

Садыр Жапаров өз сөзүндө атактуу футболдук клуб Борбор Азияда биринчи жолу өз долбоорун ишке ашырып жатканын белгиледи.

«Академия клубдун Борбор Азиядагы алгачкы масштабдуу долбоору, мындан улам кыргыз футболунун тарыхында татыктуу орунду ээлейт. Бүгүн болсо биз дал ошондой заманбап эл аралык академиянын пайдубалын борбор калаабызда түптөп, мезгил кутусун салганы турабыз», — деди өлкө башчы.

Капсула салуу аземине «Барселона» футбол клубунун башчысы Жоан Лапорта катышты. Ошондой эле аталган клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башкалар келген. 

Буга чейин «Клооптун» журналисттери «Барселона» футболдук кулубунун Кыргызстандагы франшизасынын ээлеринин катарында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен өлкө башчысынын жакын адамдары бар экенин айтып беришкен.

Мамлекет башчысы иликтөөчү журналисттердин маалыматтарын бышыктаган. Бирок аны менен кошо Жапаров журналисттерди «чымындан пил жасап, жамандык эле жазып, инвесторлорду үрктүп жатышат» деп кескин сынга алган.

Анын эртеси эле Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу тууралуу доо арыз бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент «Барселона» академиясына анын жана Ташиевдердин тиешеси бар экенин ырастады

Видео: Кыргызстанга «Барселонанын» мурдагы капитаны Карлес Пуйоль келди