Ош: Ноокат районунда депутат Нарматованын атасынын атындагы балдар бакчасы ишке берилди 

1-сентябрда Ноокат районунун Токтомат Зулпуев атындагы айыл аймагында Азим Нарматов атындагы «Кашкалдак» бала бакчасынын жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, жаңы бала бакчанын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери, айыл-тургундары катышышты.

120 балага ылайыкталган заманбап бала бакча мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулган. Курулуштун сметалык баасы 32 миллион 400 миң сомду түзөт. 

Аталган мамлекеттик бала бакчага «анын демилгеси менен курулган» делген депутат Надира Нарматованын атасынын аты ыйгарылган. 

Буга чейин, жыл башында президент Садыр Жапаров жакын арада мамлекет бала бакча, мектеп курганды токтотоорун айткан.

«Салына турган мектеп же бала бакча керек болуп калса, анда жеке ишкерлерге беребиз. Мына ошолорго жерин бекер беребиз, коммуникациясын киргизип беребиз, анан алар өзүлөрү жеке менчик мектеп же бала бакча кылып иштетсин. Региондорго дагы биз ошондой мүмкүнчүлүк беребиз», — деген ал.

Мамлекетте бала бакчалардын саны тартыш. «Башта» долбоорунун маалыматында 1 млн 180 мин мектеп курагына чейинки балдардан ичинен 900 миңи (бул 75%) бала бакчага барбайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жеке менчик бала бакчалардын ээлери бирдиктүү салыкты төлөөдөн бошотулду

Парламент комитети бала бакча ачууда лицензияны жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды