Кожокулова: Мадумаровго башка берене менен айып тагуу парламенттин чечими күчкө ээ эмес дегенди билдирет

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында партиялашы Адахан Мадумаровдун камалганы боюнча билдирүү жасады.

Эл өкүлү Мадумаров мыйзамсыз кармалганын баса белгилейт. Анын айтымында, парламент Мадумаровду «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен жоопко тартууга уруксат берген. Кожокулова ушул тапта ага «таптакыр башка айып тагылып жатканы, парламент чыгарган чечим эч кандай күчкө ээ эмес дегенди билдирет» деп нааразы болду.

«Мыйзамда депутатка башкы прокурор гана иш козгой алат. Бирок башкы прокурор өзү иш козгобой, орун басарына тапшырма берип, таптакыр башка берене менен айып тагылды. Бул эртең баарыбыз ушундай абалда калышыбыз мүмкүн дегенди билдирет. Бүгүн башкы прокурор бир берене менен айып койсо, эртең “Адам өлтүрүү”, “Коррупция” өндүү башка айыптар кошулат. Бул биздин чечим, юридикалык документ эч кандай күч ээ эмес дегенди билдирет. Аны маанайга же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына жараша өзгөртө берсе болобу», — деп суроо салды Кожокулова.

Ошондой эле, «Мадумаров өргүүдө жүргөндө бир да жолу тергөөгө чакыруу келбегенин, жада калса чакыруу жазышпаганын айтты.

«Биз да жолу телефон чалышкан эмес. Ал тергөө менен кызматташууга даяр болчу», — дейт ал.  

Жыйынында Кожокуловадан башка бир дагы депутат Мадумаровдун кармалганы боюнча пикир билдире элек. Ал эми Кожокулова «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракция бойдон калып, бардык мамлекеттик мекемелерден мыйзамдын так аткарылышын талап кыла берерин эскертти.

Мадумаров 2-март күнү жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМ тарабынан кармалып, ошол эле күнү 24-октябрга чейин камакка алынган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Мадумаров аны «жомок» деп атоодо.

Мадумаров жана аны жоопко тартуу аракети

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнүп, бир нече жолу парламентке кайрылган. Биринчисинде депутаттар каршы болгон.

Экинчи жолу эл өкүлдөрү атайын комиссия түзүп, Мадумаровду прокуратура сунуштаган төрт берененин бири — «Бийликтен аша чабуу» боюнча гана жоопко тартууга уруксат берген.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, өз милдетин уланта берери белгиленген. Эл өкүлү аны жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атаган.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу парламентте «каматам» деп коркутса, президент Садыр Жапаров эл өкүлүн «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп сындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады