Парламент төрагасы: Мадумаровдун тагдырына кайдыгер карабайбыз

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев укук коргоо органдарынан Адахан Мадумаровдун ишин «мыйзам чегинде, адилет тергөөнү талап кыларын» билдирди. Бул тууралуу ал Мадумаровдун партиялашы, депутат Гуля Кожокулованын кайрылуусуна жооп берип жатып айтты.

«Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Гуля Кожокулова Мадумаров мыйзамсыз кармалганын баса белгилеп, парламент Мадумаровду «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен жоопко тартууга уруксат бергенин эскертти. 

Нурланбек Шакиев болсо укук коргоо органдарынын жетекчилери менен бул боюнча пикир алышканын белгиледи. 

«Парламент депутаты, оппозициялык фракциянын лидеринин камалышына, анын тагдырына кайдыгер карабайбыз. Мен өз убагында укук коргоо органдарынын жетекчилери менен сүйлөштүм. Депутат катары, Мадумаровдун абалы боюнча маалымат алып, карап турабыз. Сабыр кылсак адилет чечим чыгат деп ишенебиз. Баары мыйзам чегинде болот», — деди Шакиев.

Жыйынында Кожокуловадан башка бир дагы депутат Мадумаровдун кармалганы боюнча пикирин билдирген жок.

Мадумаров 2-март күнү жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМ тарабынан кармалып, ошол эле күнү 24-октябрга чейин камакка алынган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылды. Мадумаров аны «жомок» деп атоодо.

Мадумаров жана аны жоопко тартуу аракети

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнүп, бир нече жолу парламентке кайрылган. Биринчисинде депутаттар каршы болгон.

Экинчи жолу эл өкүлдөрү атайын комиссия түзүп, Мадумаровду прокуратура сунуштаган төрт берененин бири — «Бийликтен аша чабуу» боюнча гана жоопко тартууга уруксат берген.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, өз милдетин уланта берери белгиленген. Эл өкүлү аны жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атаган.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу парламентте «каматам» деп коркутса, президент Садыр Жапаров эл өкүлүн «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп сындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады