Гүлшат Асылбаева Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 7-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү тескемеге 7-сентябрда кол койду.

Буга чейин, өкмөт башчысы 6-сентябрда Айбек Мамыралиевди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы кылып дайындаган. Ал бүгүн буга чейинки кызматына кайра кайтып, айтылган мекеменин жетекчисинин орун басары болуп бекигени айтылды.

Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал, 2021-жылы Айнура Осмонова менен биргеликте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун демилгелеген.

Мыйзамда интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, андан тышкары, провайдерлерди колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоого милдеттендирүү сунушталган.

Бул мыйзам долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин ага таянып «Азаттыктын» сайты бөгөттөлгөн. Ага «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон.

Кийин «Азаттыктын» сайты бул материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон. 2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда «Азаттык» менен мыйзамды аткарган маданият министрлиги «тынчтык келишимин» түзүп, видеоматериал өчүрүлүп, соттук териштирүү токтогон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Декларация 2019-2020. Депутат Гүлшат Асылбаева эки жылда дээрлик 1,5 млн сом киреше тапкан

Гүлшат Асылбаеванын фейктер тууралуу чуу жараткан мыйзам долбоору парламентте өткөн жок