Кайра дайындашарын билгем — Бейшеналиев министрлик кызматка кайтып келгени тууралуу

Саламаттык сактоо министри кызматына кайтып келген Алымкадыр Бейшеналиев биринчи мөөнөтүндө баштап кеткен реформаларын улантарын билдирди. Бул тууралуу ал 24.kg маалыматтык агенттигине берген интверьюсунда айтты

Чиновник журналисттерге курган маегинде таң калбаганын билдирди.

«Мени кайсы бир күнү кайра дайындашарын билгем. Бирок белгилеп коёюн: мага аны эч ким убада кылган эмес. Ишти баштап, акырындан киришебиз. Биздин команда баштап кеткен реформалар токтоп туруп калган, акырына чыгарыш керек», — деди ал.

7-сентябрда президент Садыр Жапаров Бейшеналиевди саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган жарлыкка кол койду. Ошондой эле Жапаров аны саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындаш үчүн Бейшеналиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизди.

Бул Бейшеналиевдин саламаттык сактоо министри кызматына экинчи ирет келиши. Буга чейин ал ага карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилип, кийин министрлик кызматтан алынган.

Бейшеналиевдин кызматтан алынышы

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян келтирүүгө шектелген.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтеткен.

Кармалгандан кийин Бейшеналиев УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок 16-июнда сот аткаминерди үй-камагына чыгарган. 16-августта ага козголгон кылмыш иштери токтотулган. Ал эми 19-августта президент Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан бошоткон.

Кийин, Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштеринин бардыгы кыскартылгандыгы айтылган.

Көп өтпөй 21-августта Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.