Түрмө деген түрмө, тарбиялаш үчүн курулган — Ташиев мыйзам бузган саясатчыларга кайрылды

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мыйзам бузган саясатчыларга кайрылды.


 

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан 30-жыл саясат менен гана жашап, үч төңкөрүштү башынан кечирген, «бирөөсү бийликке келип, бирөөсү камалып, бирөөсү бошоп чыгып, бирок андан элдин турмушу оңолуп кеткен эмес».

Анын пикиринде, мурдагы бийлик жалаң эле саясат менен жүрүп алгандыктан кыргызстандыктардын жашоосу оңолгон эмес.

«[Алардын] сагызгандай шакылдап сайрагандан башка, тилинен башка колунан эч нерсе келген эмес. Өзүнүн жер жерлери менен бөлүнүп алышып, чабышып жүрүшкөн. Клан-клан болуп баары бөлүнүп, чабышып жүрүшкөн. Кыргызстанды эч ким ойлогон эмес. Мамлекетти күчтүү кылган убакыт келди. Ушул убакытта мамлекетти күчтүү кылып калалы. “Кыргыз” деген улуу атты сактап калыш дагы биздин колдо. Мамлекетти өндүрүп, өстүрүп эртеңки муунга өткөрүп бериш дагы биздин колубузда. Ал эми баягы талашып тартышып жаткан саясатчылар, колунан эч нерсе келбестен, тили менен буудай кууругандар, мамлекетти талап тоноп алып туруп, ызы-чуу кылсам экен деп турган саясатчылардын баарына жазасын колуна беришибиз керек, башка айла жок, жакшы сөздү түшүнбөгөн дагы бар, түрмөдө бизди каттуу кармап жатышат деп, түрмө алар үчүн өзүнүн пансионаты эмес да, мамлекеттен тартып алган же приватизация кылып алган, түрмө деген түрмө. Түрмө ошол үчүн курулган, мыйзам бузгандарды тарбиялаш үчүн. Ошого чыдабайбы, анда мыйзам бузбасын. Түрмөнүн шартына макул эмеспи? Мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин, – деди ал. 

Андан кийин Ташиев УКМКнын кызматкерлерине кайрылды, анын пикиринде, алар ушундай саясатчылар менен күрөшүшү керек.

Мурдараак Кемпир-Абад ишинин фигуранты катары Бишкектин ТИЗО-1де отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кармоо шарттарына арызданып кайрылган.

Ал 1-сентябрь күнү сыз, муздак камерага жатууга ден соолугу жол бербесине карабастан аны жертөлөдөгү муздак, шарты жок камерага которуп жатышканын билдирген. Ал муну кыйноо катары кабылдап, буга УКМКнын тиешеси бар экенин жана «аны муздак камерага атайылап өлтүрүш үчүн камашканын» билдирген.

Жаза аткаруу кызматы болсо «Клоопко» бул маалыматты төгүндөгөн. Мекеменин басма сөз кызматы «кыйноо — кылмыш» экенин белгилеп, «абакта андай нерсе жок» деп билдирген.

Ал эми 9-сентябрда УКМК Равшан Жээнбековдун «атайын кызмат кыйноо жана куугунтуктоо уюштурду» деген билдирүүсүн расмий төгүнгө чыгарган

Кийин УКМК Жээнбековдун билдирүүсү боюнча «Клооп» жазган макаланы өчүрүү талабы менен Маданият министрлигине арыз берген. Анда «жалган маалымат бар экени, эгер макала өчүрбөсө, сайт бөгөттөлөрү» белгиленген. «Клооптун» юристтери бул боюнча Маданият министрлигине административдик доо арыз жөнөткөн.