Жогорку сот Болот Темировду өлкөдөн чыгарган чечимди күчүндө калтырды

12-сентябрда Жогорку сот иликтөөчү журналист Болот Темиров боюнча буга чейинки инстанциялардын өкүмүнө карата берилген кассациялык даттанууну канааттандыруудан баш тартты. Бишкек шаардык сотунун журналистти өлкөдөн чыгаруу боюнча чечими күчүндө калды.  

Темировдун адвокаты Бакыт Автандилдин айтымында, сот коргоочу тарапка  судьяны алмаштыруу боюнча өтүнүч келтирүүгө уруксат берген жок. Адвокат судья «Темировду же анын журналисттик ишмердүүлүгүн жактырбайт» деп эсептейт.

Анткен менен судья отурум башталаары менен эле чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.

«Жогорку сот бүгүн канчалык эрки жок экенин билдирди. Адвокаттар Темировдун иши боюнча бузуулар бар деп, анын баарын көрсөтүп беришкенине карабастан Жогорку сот райондук жана шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды», — деп билдирди Автандил «Клоопко».

Адвокат коргоочу тарап сот чечимин тааныбай турганын жана аны мыйзамсыз деп эсептерин белгиледи. 

«Биз сөзсүз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылабыз, андан кийин анын чечиминин негизинде Жогорку сотко кайрылып, Темировдун ишин кайра каратабыз», — деди ал.

2022-жылдын 28-сентябрында Бишкектин Свердлов райондук соту журналистти эки эпизод боюнча актаган — баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү (283-беренин 1-бөлүмү жана 378-берененин 1-бөлүмү). Ошол эле маалда документтерди жасалмалоо боюнча (379-берененин 2-бөлүмү) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгиленген эмес. 

2022-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соту прокуратуранын райсоттун чечимине аппеляциясын карап, Темировду Кыргызстандан чыгарууну токтом кылган. Сот чечими угузулары менен журналист дароо сот залынан күч менен чыгарылып, аэропортко жөнөтүлгөн, ал жерден Темиров ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Москвага депортацияланган.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан. Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет. 

Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу чечими менен Конституцияны бузганын билдиришкен.  

2022-жылдын декабрында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин жыйынында Болот Темировго Кыргызстанга кирүүгө беш жылга тыюу салынганын айткан.