Акыркы беш айда Ысык-Көлдөн 16 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Быйыл март айынан тарта Ысык-Көлдөн 16 миң 261 килограмм ар кандай таштанды жана 101 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу 14-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көлдүн жалпы 222 миң 412,6 гектар аянты тазаланды. 

Ал эми акыркы сегиз күндө «Радуга Вест», «Дордой» жээктери, Кош-Көл айылындагы «Коворкинг-резорт Акжол», «Кыргыз таңы», «Волвет курорту» пансионаттары жана Тору-Айгырдагы «Голливуд», «Маяк», «Жордж Жованна» лагерлери, Балыкчы шаарынын тушундагы көлдүн түбү текшерүүдөн өттү.

Буга чейин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы 13-сентябрда Ысык-Көл облусунда айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге 3,6 млн сомдон ашык 57 доо коюлуп, дээрлик 1 млн 140 миң сом өндүрүлгөнүн маалымдаган.

Август айынын башында социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн үстүндө күйүүчү май калкып калган сүрөт тараган. Экология министрлиги кара майга тиешеси бар скутердин ээсин таап, 10 миң сом айыпка жыккан.

Кийинчерээк, экологдор «эгерде Ысык-Көлдөгү экологиялык көйгөйлөр ушундай темпте өсө бере турган болсо, 2050-жылы көл акырындап сазга айлана башташы мүмкүн» деп билдиришкен

Президент Садыр Жапаров  кыргызстандыктарды бир нече ирет Ысык-Көлдү булгабай, таза кармоого чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Скутердин зыяны 10 миң сомго барабарбы — Экологдор Ысык-Көлдүн келечегине тынчсызданууда

Ысык-Көл: Айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге айып салынып, 1 млн сомдон ашык акча өндүрүлдү

Видео: Төрт айда Ысык-Көлдүн түбүнөн 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды