Ысык-Көл: Айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге айып салынып, 1 млн сомдон ашык акча өндүрүлдү

Ысык-Көлдөн тор жана таштанды чыгаруу. Сүрөт интернеттен алынды.

Ысык-Көл облусунда айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге 3,6 млн сомдон ашык 57 доо коюлуп, дээрлик 1 млн 140 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу 13-сентябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн ачанын 300 миң сомдон ашыгы ишкердик субъектилердеги тазалоочу курулмаларды натыйжасыз иштеткендерден алынды.

Мындан тышкары көлдүн аймагында жаратылышты коргоо боюнча мыйзам талаптарын сактабагандарга 822 миң 500 сом административдик айып салынып, анын 627 миң сомдон ашыгы өндүрүлдү.

Ал эми мыйзамсыз балык уулоого каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында көлдөн 35 миң 600 метр синтетикалык тор чыгарылып, жок кылынды.

Буга чейин, август айынын башында социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн үстүндө күйүүчү май калкып калган сүрөт тараган. Экология министрлиги кара майга тиешеси бар скутердин ээсин таап, 10 миң сом айыпка жыккан.

ӨКМдин суучулдары болсо үстүбүздөгү жылдын мартынан баштап көлдүн түбүн тазалай баштаган — беш айда көлдөн 13,5 тонна таштанды, 98 миң метр балык уулоочу тор чыгарылган.

Экологдор «эгерде Ысык-Көлдөгү экологиялык көйгөйлөр ушундай темпте өсө бере турган болсо, 2050-жылы көл акырындап сазга айлана башташы мүмкүн» деп тынчсызданышууда. Президент болсо кыргызстандыктарды бир нече ирет Ысык-Көлдү булгабай, таза кармоого чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Скутердин зыяны 10 миң сомго барабарбы — Экологдор Ысык-Көлдүн келечегине тынчсызданууда

Видео: Төрт айда Ысык-Көлдүн түбүнөн 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды