Акжол Махмудов экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

22-сентябрда кыргызстандык балбан Акжол Махмудов экинчи ирет күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Спортчу Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде азербайжандык балбан Санан Сулейманов күч менен сынашты.

Таймаш 1:1 эсебинде аяктап, артыкчылык упай Махмудовдо болгондуктан жеңишке жетти.

Махмудов буга чейин 2022-жылы Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Мындан сырткары ал Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, ошондой эле Азиянын үч жолку чемпиону.

Буга чейин балбан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Азыркыга чейин Кыргызстан курамасы Олимпиадага жалпы беш жолдомого ээ болушту.

Улуттук курама командасы ушуну менен төрт медаль женди. Эркин күрөш боюнча балбан Айсулу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, ал эми Тайырбек Жумашбек уулу коло байгеге ээ болушту.

Бул Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париждеги Олимпиадага жолдомо утту

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо утту

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди