Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо утту

22-сентябрда Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков  Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыгып, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Спортчу грем-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакка чейинки категорияда таймашып, Литва, Грузия жана Өзбекстандын балбандарына каршы үч ирет жеңишке жетишти. Ал жарым финалда ирандык спортчу Мохсен Неджадды 4:3 эсебинде жеңди. 

Кыргызстандык балбан 23-сентябрда япониялык Кенитиро Фумиты менен баш байге үчүн таймашат. 

Шаршенбековдун жолдомосу Кыргызстан курамасы үчүн Олимпиадага бешинчи лицензия болуп калды. 

Бул турнирде улуттук курама командасы азырынча үч медаль утту. Эркин күрөш боюнча балбан Айсулу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, ал эми Тайырбек Жумашбек уулу коло байгеге ээ болушту.

Жоламан Шаршенбеков — 2022-жылдагы Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү Махмудов менен Шаршенбековду 2022-жылдын «тарых жаратуучулары» деп тапкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 4-февралында эки балбан «Даңк» ордени менен сыйланышкан.

Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат. 

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздай турган мелдеш болуп эсептелет. Дүйнөлүк чемпионатта Олимпиадага жолдомону ар бир олимпиадалык салмак категориясындагы бештен балбан алат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париждеги Олимпиадага жолдомо утту

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди