Селекцияда бычакталган аял: Акыйкатчы ишке тиешеси бар кызмат адамдарына чара көрүүнү талап кылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сот жана укук коргоо органдарынан Селекция айылында мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталды делген аялдын ишине тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарына чара көрүүнү талап кылды. 

Ал 24-сентябрда ооруканага барып, жабырлануучудан кабар алды. Жаманбаева министрлер кабинетинин төрагасын, жогорку сотту жана башкы прокурорду аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга үндөдү.

«Ал бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып, мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган. Көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталган кишини үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот жана укук коргоо органдарынын өзүнүн аракетсиздиги, кайдигерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек», — деди акыйкатчы.

Жаманбаева ооруканада жабырлануучунун туугандары менен да баарлашты. Азыркы тапта жабырлануучуга жана анын кылмышка күбө болгон кичүү уулуна психологиялык көмөк көрсөтүлүп жатат. 

«Балдарынын энесине мындай мыкаачылык менен кылмыш жасаганы үчүн ал эң оор жаза алышы керек. Акыйкатчы институту жабырлануучуга жана анын балдарына зарыл болгон жардамды көрсөтөт», — деп белгиледи акыйкатчы.

Селекцияда бычакталган аял

36 жаштагы аялдын кыйноого кабылганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Ал бети-башы, мойну кескиленген абалда ооруканага жаткырылган. Бул боюнча «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголуп, 39 жаштагы шектүүнү кармалган — ал эки айга камакка алынды

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучу буга чейин мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн эки жолу милицияга арызданганы айтылган. Маалыматты Чүй облустук милициясы да тастыктаган. 

Сокулук райондук сотунан шектүүгө карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон буга чейинки кылмыш иши «жабырлануучу айыпталуучу менен элдешкенине байланыштуу» кыскартылганын билдиришкен

Жабырлануучунун сиңдиси эжеси мурдагы күйөөсүнө карта тосмо арыз жазбаганын айтып чыккан. Анын айтымында, эжеси зөөкүрдү кечирген эмес жан аны жоопкерчиликке тарттыруу үчүн милициядан кетпей калган.

Бул маселе 21-сентябрда парламентте да көтөрүлгөн. Депутаттар мындай көрүнүш үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер мамиле кылгандан улам болуп жатканын баса белгилеп, шектүүгө чара көрүүнү талап кылган.

ИИМ милиция окуяга «өз убагында реакция кылып, мындан да оор кесепеттерге жол берилбегенин» билдирген. Ошондой эле милициянын башчысы Улан Ниязбеков ишти жеке көзөмөлүнө алганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Селекцияда бычакталган аялдын иши: Шектүүнү пробацияга бошоткон судьяны аракетине баа берилет