Маанаев башкы дарыгердин милдетин аткарбайт — Министрлик буйрукка түзөтүү киргизди

Мурда коррупцияга шектелген Токтобай Маанаевди Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо боюнча буйрукка түзөтүү киргизилди. Бул тууралуу «Клоопко» 25-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы жетекчи дайындалганга чейин башкы дарыгердин милдетин мурдагы жетекчинин орун басары Улукбек Кулукеев аткарат.

Токтобай Маанаев Саламаттык сактоо министрлигинин 22-сентябрдагы буйругунун негизинде башкы дарыгердин милдетин аткарып жатканы белгилүү болгон.

Ал эми Улуттук госпиталда буга чейин башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кеткени белгиленген.

Маанаевдин кармалышы

Маанаев үстүбүздөгү жылдын март айында кармалган. Анын ишинде калктын аярлуу катмарына зыян келтирип, укуктарын чектеп жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схема аныкталган.

Мындан тышкары Маанаевдин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганы боюнча 20дан ашык учур белгилүү болгон. УКМКнын маалыматы боюнча, ал мамлекеттик сатып алуулардан бюджетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Кийин ал УКМКнын убактылуу тергөө абагына эки айга камалган. 21-июнда Маанаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жүрөк хирургиясы институтунун жетекчиси: Бейшеналиев мени эч себепсиз иштен алды