Жүрөк хирургиясы институтунун жетекчиси: Бейшеналиев мени эч себепсиз иштен алды

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунун директору Самидин Шабыралиев.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунун директору Самидин Шабыралиев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны «жөндөн-жөн иштен алганын» айтып чыкты.

17-сентябрда ал фейсбук аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, иштеп турууга уруксат берүүнү өтүндү. Шабыралиев иштен кетүү жөнүндөгү арызды Бейшеналиев министр болуп дайындалган күндүн эртеси күчтөп жаздырышканын белгиледи.

«Бул атам берген жумуш эмес, дайындалып келгем. Төрт айда бир топ иш кылдым. 40 жыл оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн операция, реанимация бөлмөлөрүн оңдоттум. Эң оор нерсеси, азыр 200гө чукул жаш бала операциядан өтүп атат. Эгер мен кетсем, алардын баары калып кетет. Ошого сизден суранам, мага дагы уруксат бериңиз. Ошол иштерди бүтүрөйүн, андан кийин кетирсеңиз кетире бериңиз», — деди ал.

Ал эми институттун жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Нурболот Бекболот уулу оорукананын жамааты Шабыралиевдин иштен кетишине каршы экенин билдирди

«Азыр адилетсиздик болуп жатат. Бул кызматка алып келе турчу адамын деле билебиз, ага биздин жамаат карамандай каршы. [...] Кызматка деле жабышкан жерибиз жок. Себеби программабыз бар, төрт айда ремонт менен эле чектелип калбай, дагы жасай турчу иштерибиз бар болчу. Өнүгүү жолуна түшүү үчүн туруктуу бир жетекчи отурушу керек деп эсептейм», — деди ал. 

Азырынча Саламаттык сактоо министрлиги Шабыралиевдин иштен кеткени боюнча комментарий бере элек. Министрликтин басма сөз катчысы маалыматты тактап берүүнү убадалады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматына 13-сентябрда кайтып келген. Ал журналисттерге мурда баштап кеткен реформаларын улантарын айткан. 

Бейшеналиев буга чейин министр болуп турганда Чүй облустук ооруканасындагы Калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жетекчиси Эрнст Акрамовду, Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду иштен алып, Алмазбек Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» клиникасын «талкалап кетем» деп коркуткан.

Кийин ал «коррупцияга» шектелип кармалып, ага карата бир нече кылмыш иши козголуп, кызматтан алынган. Бирок кийин Бейшеналиев акталып, Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборуна директор болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кайра дайындашарын билгем — Бейшеналиев министрлик кызматка кайтып келгени тууралуу