«Клоопко» карата прокуратуранын арызы боюнча соттук отурум 6-октябрга жылдырылды

Буга прокуратура жактоочу тарапка доо арызга тиркелген документтердин көчүрмөсүн бербегени негиз болду. Кийинки уктуруу 6-октябрь, саат 09.00гө белгиленди. 

Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп Медиа» коомдук фондун жабууну талап кылган арызы боюнча баштапкы уктуруу бүгүн, 26-сентябрда Октябрь райондук сотунда каралды.

Прокурор Таалайбек Мамыров шаардык прокуратуранын доо арызы мыйзамдуу экенин айтып, экспертизанын корутундусу менен арыз беришкенин билдирди

Ал эми «Клооптун» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Фатима Якупбаева «доо арыз мыйзамсыз, мыйзамдардын чегинен да чыгып кеткен» деп белгиледи. Анын айтымында, мыйзамда маалыматтык басылмалар Юстиция министрлигинен лицензия алышы керек деген түз талап жок.

«Ошондуктан биз доо арызды сандырак деп эсептейбиз, ал укукка кыянаттык кылып жатканга барабар экени анык, прокуратура Юстиция министрлиги менен бирге ЖМК кандай иштеп, кандай өнүгүшу керектигин өз билгендей чечмелеп жатат», — деди ал. 

Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондун каршы августтун аягында арызданган. Анда «Клооп Медиа» ЖМКнын мамлекеттик реестринде катталбаганы, ал эми уюмдун уставында «маалымат жайылтуу» ишмердүүлүгү көрсөтүлбөгөн айтылган.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү тап-такыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасир тийгизип жаткан имиш.

Ал эми «Клооптун» уставында уюм «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берери» көрсөтүлгөн.

«Клооптун» сайтынын бөгөттөлүшү

Буга чейин Маданият министрлиги «фейктер» жөнүндөгү мыйзамга ылайык «Клооптун» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Ага УКМКнын арызы негиз болгон — атайын кызмат басылманын «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген орус тилиндеги макаласы «УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.

Эгер сизде «Клооптун» сайты ачылбай жаткан болсо, бизди окуп жана көрүп туруунун көптөгөн ыкмасы бар (баса, аларга сөзсүз катталып алыңыз):

Кыргыз тилинде:

Орус тилинде:

Ошондой эле сиз бөгөттөлгөн сайтттарга кирүү жана интернетти коопсуз колдонуу үчүн VPN колдонсоңуз болот. VPN’ди колдонуунун ыңгайлуу жолдорунун бири  — бул Firefox’тун базасындагы Mullvad Browser. Аны кадимки браузердин ордуна колдоно аласыз — ал бөгөттөгү сайттардын баарын ачып берет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Макала «УКМКнын аброюна шек келтирет». «Клооп» кантип бөгөттөлгөнүн айтып беребиз