«Кайрылбаган жерим калган эмес». Селекциядагы бычакталган аял билдирүү жасады

Сокулуктун Селекция айылында мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталды делген аял коомчулукка кайрылуу жасады. Анын видеосу 30-сентябрда жабырлануучуга жардам берүү максатында ачылган инстаграм барагына жарыяланды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ПомощьАсель (@help.asel.rezerv)

Анда аял окуя болгонго чейин бир нече жолу укук коргоо органдарына кайрылып, бирок эч кандай натыйжа болбогонун, укугу корголбогонун айтты.

«Мен Кыргызстанга келген күндөн баштап бул зөөкүр бир күн да менин жанымды койгон жок. Кайрылбаган жерим калган жок. Канча арыз жаздым, канча укук коргоочуларга кайрылдым. Укугум корголгон жок, үнүм эч кимге жеткен жок», — деди ал.

Селекцияда бычакталган аял

36 жаштагы аялдын кыйноого кабылганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Ал бети-башы, мойну кескиленген абалда ооруканага жаткырылган. Бул боюнча «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголуп, 39 жаштагы шектүүнү кармалган — ал эки айга камакка алынды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучу буга чейин мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн эки жолу милицияга арызданганы айтылган. Маалыматты Чүй облустук милициясы да тастыктаган.

Сокулук райондук сотунан шектүүгө карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон буга чейинки кылмыш иши «жабырлануучу айыпталуучу менен элдешкенине байланыштуу» кыскартылганын билдиришкен.

Жабырлануучунун сиңдиси эжеси мурдагы күйөөсүнө карта тосмо арыз жазбаганын айтып чыккан. Анын айтымында, эжеси зөөкүрдү кечирген эмес жан аны жоопкерчиликке тарттыруу үчүн милициядан кетпей калган.

Бул маселе 21-сентябрда парламентте да көтөрүлгөн. Депутаттар мындай көрүнүш үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер мамиле кылгандан улам болуп жатканын баса белгилеп, шектүүгө чара көрүүнү талап кылган.

ИИМ милиция окуяга «өз убагында реакция кылып, мындан да оор кесепеттерге жол берилбегенин» билдирген. Ошондой эле милициянын башчысы Улан Ниязбеков ишти жеке көзөмөлүнө алганы айтылган.

27-сентябрда Чүй облустук соту шектүүнү буга чейинки зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыратты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Селекцияда бычакталган аялдын иши: Сот шектүүнү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кести

Селекцияда бычакталган аял: Акыйкатчы ишке тиешеси бар кызмат адамдарына чара көрүүнү талап кылды