Жогорку Кеңеш Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

5-октябрда Жогорку Кеңеш Догдуркүл Кендирбаеваны Билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду. 

Ал эми Кендирбаева депутаттарды өзүнүн платформасы менен тааныштырды. Ал 2026-жылга чейин мектептин бүтүрүүчүлөрүнүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү башкы максат экенин билдирди.  

28-сентябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 

Ал эми буга чейинки министр Каныбек Иманалиев «тапшырылган эмгек милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткара албаганы үчүн» кызматынан алынган. Жаңы окуу жылы башталганда мектептерде китеп жетишсиздиги коомчулукта кызуу талкууланып, Иманалиевдин дарегине кескин сындар айтылган.  

Иманалев кызматтан алынгандан кийин билим берүү министринин милдетин Уланбек Усеков аткарып жаткан. 

58 жаштагы Догдуркүл Кендирбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору. Ысык-Көл облусунда туулган. Билим берүүнүн отличниги.

2012-жылы Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министринин милдетин убактылуу Уланбек Усеков аткарат

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткарат

Президент Каныбек Иманалиевди билим берүү министри кызматынан бошотту