Баткен: 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду

Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз иш алып барган 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, 8 материал милицияга катталды. Бул тууралуу 10-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, диний чөйрөдө алдын алуу-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иш алып барды.

Текшерүүнүн натыйжасында, «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам талаптарын бузуу менен архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактабаганы үчүн ведомстволор аралык комиссия 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүп, көрсөтмөлөрдү берди.

«Баткен облусунда белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, ошондой эле бирдиктүү стандарттардын жана диний билим берүүчү мекемелерде билим берүүнү көзөмөлдөөнүн жоктугу — диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор», — деп айтылат билдирүүдө.

29-июнда Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп келген 60 мечит аныкталып, аны текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн.  

Ошондой эле текшерүү иштери августта Ош облусунда да жүргүзүлүп,  курулуштагы мыйзам бузуулар жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген 39 мечит жана 21 диний окуу жай убактылуу жабылып, айып пул салынган

Кыргызстанда мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан макулдугу жок өз курулса мечиттер тиешелүү мыйзам бузуу болуп саналат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Муфтият: Бишкекте диний окуу жайлар менен мечиттер текшерилип жатат

Ош: УКМК курулуштагы мыйзам бузуулардан улам 39 мечитти убактылуу жапты

УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталып, атайын комиссия түзүлдү