Ош: Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Ош шаарында «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун жети активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 10-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда кармалган жети мүчөлөсүнө карата «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. 

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттер уланып жатканын билдирди.

Досонов уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери катары белгилүү. Мурда ал бир нече жолу кармалган, бирок сот Досоновду актап, эркиндикке чыгара берген

Өткөн жылы 30-сентябрда Жогорку сот Досоновго карата «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси менен козголгон эки инстанция чыгарган өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.


 

Көлбаевдин өлүмү, кримтөбөлдөрдүн кайрылуусу

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

Кийин, 5-октябрда, Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде атайын операцияда жок кылынган Камчы Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө «өлкөдө мындан ары “мыйзамдагы уурулар” болбошу керектигин айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын эскертип» кайрылган.

Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болгон Көлбаев өлтүрүлгөндөн соң соцтармактарды кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир нече белгилүү өкүлдөрү «“мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартып», мындан ары «мыйзамды сактап жашарын» айтып келишүүдө

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эч кандай криминалдык статусум жок». «Женго» каймана аты бар Досонов кайрылуу жасады

Өзгөн: «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү адам уурдоого шектелип кармалды

Ошто акча опузалоого шектелип «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды