Малдын шарп жана кутурма илдетине каршы 27 млн сомго вакцина сатып алынат

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы 26 миллион 999 миң 984 сомго шарп жана кутурма илдетине каршы вакцина сатып алууну пландоодо.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, шарпка каршы 787 миң 878 доза, ал эми кутурмага каршы 45 миң 455 доза вакцина сатылып алынат.

*Кутурма — бул вакцина менен башкарылуучу зооноздук вирустук оору. Вирус адамга дээрлик 99% учурда үйдө багылган иттерден жугат. Ошол эле учурда кутурма үй жаныбарларын гана эмес, жапайы жаныбарларды да жабыркатышы мүмкүн. 

*Шарп — ача туяктуу малдын жугуштуу ылаңы.

Буга чейин, 26-сентябрда Ошто кутурма оорусун жуктуруп алган 12 жаштагы бала каза болгон. Аны ит тиштеп алып, жакындары дарыгерлерге убагында кайрылган эмес.

Ал эми август айында Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит тиштеп алган сегиз адам ооруканага жаткырылган. Аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Орусиянын Россельхознадзор органы Кыргызстандын сүт жана балык продукциясы мекеменин инспекциясынан кийин гана Орусиянын рыногуна киргизилерин айткан.

Ага ири мүйүздүү малдын контагиоздук плевропневмониясы, паратуберкулёз жана лейкоз дарттарына мониторингдик изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөтүлбөгөнү, шарп оорусуна каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгүн тастыктаган документтер болбогону себеп экенин белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусунан каза болду

Россельхознадзор: Кыргыз сүтү жана балыгы инспекциядан кийин гана орус рыногуна киргизилет