Кадамжай: Унаасы менен жөө жүргүнчүнү өлтүрө коюп, качып кеткен шектүү кармалды

31-октябрда Баткен облустук Жол кайгуул кызматы Кадамжай районунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен 23 жаштагы тургун кармалганын билдирди.

Окуя 29-октябрга караган түнү саат 00:50дө Кадамжайдын Орозбеков айылында болгон. Шектүү Абдусамат айылынын 40 жаштагы тургунун унаасы менен коюп кетип, жабырлануучу жеринде каза болгон.

Милиция териштирүүнүн жыйынтыгында Кадамжайдын Исхак-Полотхан айылынын 23 жаштагы тургунун кылмышка шектеп кармады. Үйүнөн жашырып койду делген Daewoo Nexia үлгүсүндөгу унаа табылды. Азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Ошто 1-класстын окуучусун унаа коюп кетип, ал ооруканада көз жумган. Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районундагы жеке менчик медициналык мекеменин башкы дарыгери кармалган. Бирок бир айдан кийин буга байланыштуу иш кыскартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Мектеп окуучусун сүзүп кетип, өлүмүнө шектелген башкы дарыгер кармалды

Ош: Унаа коюп каза тапкан окуучунун өлүмүнө байланыштуу иш кыскартылды