Депутат Шайлообек Атазов УКМКга сурак берип чыкты

Шайлообек Атазов. Сүрөт: Жогорку Кеңеш

9-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Шайлообек Атазов УКМКга күбө катары сурак берип чыкты. Эл өкүлү негизинен шайлоодогу үгүтчүлөр боюнча сурак бергенин, ага кошумча коррупция кылганын моюндаган Райымбек Матраимов менен байланышы бар же жоктугу да суралганын айтты.

Атазов 2022-жылы Свердлов району боюнча өткөн шайлоо боюнча «тарапташтары суракка алынып жатканын, ал эми өзү күбө катары чакыртылганын» белгилеп, анын тарапташтарына карата арызды шайлоодогу атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин үгүтчүлөрү жазганын билдирди.

«Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема – үгүтчүлөр тууралуу айтылды. Бизде катталган эмес, бирок мага үндөп жүргөн балдар. Алар 11 күндөн бери белгисиз жатканы мени тынчсыздандырып, эгер эч кандай аргумент, далил болбосо чыгарып койсоңор деген оюмду айттым. Матраимов менен байланышың барбы деп сурады. Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүш үчүн жардам берип жүгөнүн айттым», — деди Атазов.

Эл өкүлү Муртазалиевдин үгүтчүлөрүнүн арызы шайлоодон бир ай өткөндөн кийин түшкөнүн кошумчалады.

3-ноябрда Атазов парламенттик шайлоодо ага тарапташ болгон кишилер «убактылуу кармоочу жайда кыйноого алынып, дайыны чыкпай жатканын» айтып чыккан. Эл өкүлү «тарапташтарын шайлоо учурунда “Райымбек Матраимов акча берген деп жазгыла”» деп талап кылып жатышканын билдирген.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, «сиздерге маалымат жеткирген топтор бурмалап жатат, чындыкты айтууга мүмкүнчүлүк бериңиздер» деп суранган.

«Азаттык» басылмасы 2-ноябрда ишенимдүү булактарына таянып, Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, ал эми бул окуя УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келгенин жазган.

Ошондой эле соцтармактарда Атазов менен «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досоновго таандык экени айтылган сүйлөшүүнүн аудиосу тараган. Аудиодо өзүн «мен Кадыр акең, Женго» деп тааныштырган киши «Шайлоо» деген адамга чалып, экөө ал-акыбал сурашкан. Видеодогу үн Атазовдукуна окшошуп кетет.

Андан соң «Женго» маектешинен «уюшкан кылмыштуу топ тууралуу маселени көтөрбөөнү жана милиция иштебей жатат деп айтпоону» суранган. Маектеши ага «түшүндүм» деп жооп берген.

Эл өкүлү өзү аталган аудио тууралуу комментарий бере элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Атазов тарапташтары сурак бергени жана Матраимов менен байланышы тууралуу пост жазды

Депутат Атазов менен кримтөбөл «Женгонун» сүйлөшүүсү делген аудио тарады