Экс-мэр Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Буйрукка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун 10-ноябрда президенттик администрациядан билдиришти.

Абдыкадыров калаа башчысы болуп өткөн жылдын февралынан тартып үстүбүздөгү жылдын октябрына чейин иштеп келген. Анын иштен кетишине башка кызматка өткөнү себеп болгону айтылган.

Ал эми президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов кызматка 2022-жылдын сентябрь айында дайындалган болчу.

Абдыкадыров тууралуу эмне белгилүү?

65 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. Ал «Нур Строй Монтаж» компаниясынын жетектеген.

2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, шайлоодон өтпөй калган.

Ал 2014-жылдары экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарынын жана Бишкектин вице-мэринин кеңешчиси болуп иштеген.

Абдыкадыров 2020-жылы Ат-Башыда курулат деген соода-логистикалык борборго инвестор болорун айткан кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү экени белгилүү болгон. Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам курулбай калган.

Ал Бишкектин мэри болуп турганда Жогорку Кеңештин 66 депутаты президентке аны кызматтан алуу сунуштаган. Алардын айтымында, буга «калаа башчысы ыш менен күрөшүүдө жана шаардагы башка маселелерди чечүүдө жетиштүү чара көрбөй жатканы» себеп болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадрдык өзгөрүү: Бишкекке ̶э̶с̶к̶и̶ жаңы мэр келди, президенттин басма сөз катчысы элчи болуп дайындалды