Бишкек: Президент 45 кабаттуу имараттын курулушуна капсула салды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте 45 кабаттуу Manas Tower комплексинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу 14-ноябрда Президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматта мындай көп кабаттуу имарат өлкө тарыхында биринчи жолу курулуп жатканы айтылат. Долбоорду Президенттин иш башкармалыгы менен чет элдик инвесторлор каржылайт. Курулушту эки жарым, үч жылда бүткөрүү пландалууда. Бирок ага канча каражат жумашалары ачыкталган жок.

Долбоорго ылайык, имарат 45 кабаттан туруп, ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбору, жыйындар залы, ресторан, соода аянттары жана 600 унаага ылайыкташкан жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.

Ошондой эле имараттын чатырына тик учак аянтчасы курулат. Ал эми панорама тургундар менен меймандарга борбор калаага 200 метрден ашык бийиктиктен көз чаптырганга мүмкүнчүлүк түзөт

Жапаровдун айтымында, имарат заманбап дизайн менен айырмаланып шаарга көрк берип, борборго келген меймандарга ыңгайлуу шарты бар жайлуу имарат болот.

«Өлкөбүздө ички туризм менен кошо тышкы туризм да өсүп жатат. Бизнес жана ишкерлик жаатындагы кызматташуунун географиясы да кеңейүүдө. Натыйжада чет өлкөлөрдөн келген меймандардын саны артууда. Көптөгөн эл аралык иш-чаралар, саммиттер жана конференциялар өткөрүлүүдө. Мындай шартта мейман күтүүдө жана тейлөөдө жогорку жана сапаттуу деңгээли бар эс алуу жайларына суроо-талаптын өсүшү — мыйзам ченемдүү көрүнүш», — деди ал.

Президент өлкөдө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштаганын баса белгилеп, кайсы гана тармакта болбосун инвесторлордун ийгиликтүү иштеши үчүн
жагымдуу шарттар түзүп, жеңилдиктер берилип жатканын кошумчалады.

Бул Бишкекте курулуп жаткан ири имараттардын алгачкысы эмес. Бишкектин түштүгүнө 321 миллион долларга 37 кабаттуу беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалган. Долбоорду кытайлык чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадыр каржылап, имаратты эки жылда куруп берүүнү убадалаган.

Бирок «Клооп», OCCRP жана Темиров Live’дын биргелешип жасаган иликтөөсүндө долбоорго президенттин уулу Рустам Жапаровдун достору катышып жатканы аныкталган.

Президент «ПолитКлиника» басылмасынын Рустам Жапаров тууралуу иликтөөсүнө комментарий берип, анын уулу «инвесторлорду тартуу менен алек экенин» айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Садыр Жапаров «Барселона» академиясыны курулушуна капсула салды

Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги Асман шаарынын курулушуна капсула салды