Токмок: Жашы жете элек өгөй кызын зордуктап жүргөн делген шектүүнүн иши сотко өттү

Токмок шаарында жашы жете элек өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалган 38 жаштагы кишинин иши сотко өттү. Бул тууралуу 18-ноябрда Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу август айында белгилүү болгон. Социалдык коргоо кызматкери «кыздын өгөй атасы анын алсыздыгын пайдаланып февралдан бери зордуктап жүргөнүн» айткан.

Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми шектүү катары Токмоктун 38 жаштагы тургуну кармалып, соттун өкүмү менен камакка алынган. Тергөө 10-октябрда аяктап, иш сотко өткөн.

Милициянын маалыматына ылайык, кыздын 33 жаштагы апасы оорудан улам 2022-жылы каза болуп калган. Ал эми кыздын өз атасын белгисиз бирөөлөр 2023-жылы өлтүрүп кетишкен. Буга байланыштуу кыз өгөй атасы менен калган.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт. Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат.

Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.

ТЕМА БОЮНЧА:

Токтогул: 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 36 жаштагы киши кармалды

Ак-Суудагы митинг: Зордуктоого айыпталган киши камакка кайтты, бошоткон судья иштен кетти