Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция башталды

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта «Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк» кампаниясы башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Бул жолку акция «Келгиле, биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга инвестиция салабыз» деген аталышта жүрүп жатат.

«Кампаниянын максаты — аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди жана чараларды көрүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүү», — деп белгилешти мекемеден.

Акциянын алкагында жыл аягына чейин өлкө боюнча ар кандай саамалыктар өткөрүлүп, компаниянын жыйынтыктоочу иш-чарасы Ош шаарында болот.

«Ар бир адам гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомго жайылтуу аркылуу өнөктөш боло алат. Өлкөдө бардык деңгээлдеги жана бардык тармактагы зордук-зомбулукту токтотуу үчүн ар бирибиздин иш-аракетибиз чоң мааниге ээ», — дешти министрликтен.

Аялдарга карата зордук-зомбулук

2023-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеп, экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды.

ИИМдин маалыматына ылайык, Өлкөдө үстүбүздөгү жылдын он айында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 400 учуру катталды. Зомбулуктан 3 564 аял жана 1 425 өспүрүм жабыркаган.

Улуттук статистикалык комитет жарыялаган отчётко таянсак, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны алты жыл ичинде дээрлик үч эсеге өскөн. Авторлор 2015-жыл менен 2021-жылга карата маалыматты салыштырган. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — 96% — аялдар.

Ал эми дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир график менен: Орунбековго өлкөдө аялдар тынымсыз сабаларын түшүндүрөбүз

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү