Жогорку Кеңештин депутаттары тууну өзгөртүү демилгесин дароо эки окууда колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары 20-декабрдагы жыйында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Эми мыйзамга президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.

Желекти өзгөртүү демилгесин 59 депутат колдоп, беш эл өкүлү: Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, Медер Алиев жана Сеидбек Атамбаев каршы болду. Дагы 15 депутат жыйынга катышып, бирок добуш берген жок.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптештерин «туунун өзгөрүшү менен» куттуктады. Ал «бул чакырылыш мурда тууну кабыл алган чакырылыштай эле легендарлуу болуп каларын» билдирди.

Аталган мыйзам долбоору кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдар комитетинде да каралып, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган. Анда айрым депутаттардын сунушу  кеч берилди деген жүйө менен четке кагылган.

Буга чейин Бишкекте өткөн Элдик курултайда катышуучулар «желекти өзгөртүүгө эл каршы экенин» айтып, Шакиевди бул демилгесинен баш тартууга чакырган. Ал эми Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айтып, курултайдын катышуучуларынан колдоо сураган.

Тууну өзгөртүү демилгеси

«Батып» бараткан кыргыз байрагы. Иллюстрация: Элнур Исаков.

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан. Тууну өзгөртүүгө 66 депутат макулдугун берсе, сегиз эл өкүлү каршы болгон.

Айрым депутаттар «аталган чечимди кабыл албай, маселе референдумга коюлушу керектигин» айткан. Ал эми Мирлан Самыйкожо анын ордуна башка бирөө тууну өзгөртүүгө «макул» деп добуш берип койгонун айтып чыккан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурунун формасын жана түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунушташууда.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Бирок, соцтүйүндүн айрым колдонуучулары бул демилгеге каршы болуп, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмоб башташкан.

Негизги беттеги сүрөт: Владимир Воронин / AP

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айтып, элден колдоо сурады

Тууну өзгөртүү демилгеси: Мамлекеттик катчы депутаттар эл мүдөөсүн эске алат деген тилекте