Жалал-Абад: Аялына бензин чачып, «өрттөйм» деп коркуткан тургун 3 жылга кесилди

Сүрөт интернеттен алынды.

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында мурдагы аялын күйүүчү май чачып өрттөйм деп коркуткан тургун облустук соттун чечими менен 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 11-январда «Клоопко» облустук соттон билдиришти. 

«Турмуш» басылмасы тергөө органдарынын маалыматына таянып, айыпталуучу буга чейин мурдагы аялын «өрттөп салам» деп коркутуп, унаасындагы 2 литр күйүүчү майды жабырлануучунун үстүнө төгүп жибергенин жазды. Андан соң ал сөгүнүп, бейбаш аракеттерди жасап жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Жабырлануучу сот отурумунда мурдагы күйөөсүнүн «зөөкүрлүгүнөн улам ажырашканын» айтып, экөө расмий түрдө ажырым жолго түшкөнүнө карабастан мурдагы жолдошу ага карата «зомбулук аракеттерин токтотпой келгенин» билдирген.

Таш-Көмүр шаардык соту 2023-жылы 18-октябрда айыпталуучуну «Бейбаштык» беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. 

Айыпталуучунун жактоочусу аталган чечимге макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна даттанган.

Ал эми жабырлануучу мурдагы күйөөсү «сени өлтүрүп кетем, кийинки жолугушуубузда жалдыраганга да мүмкүнчүлүк бербейм» деген каттарды жазып жатканын көрсөтүп, ага карата катуу жаза колдонууну суранган. Аны менен катар, аялдын жактоочусу айыпталуучу «бейбаштык эмес, кыйла оор кылмыш кылганын» белгилеп, алгачкы инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгаруу менен ишти прокуратурага башка айыптоо түзүү үчүн жиберүүнү суранган.

Облустук сот ошол эле жылы 18-декабрда аппеляциялык даттанууну четке кагып, шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Селекцияда бычакталган Асел

Өткөн жылы сентябрда Чүй облусунун Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталган.

Бул боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучунун 39 жаштагы мурдагы күйөөсүн кармаган.

Ногойбаева окуя болгонго чейин мурдагы күйөөсүнүн «зордук-зомбулугуна» арызданып, укук коргоо органдарына эки ирет кайрылганы белгилүү болгон, бирок зөөкүр соттолбой, пробациялык козомөл менен эркиндикте калган.

27-сентябрда Чүй облустук соту айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин жокко чыгарып, аны зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан.

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү тергөө абагында отуруп алып да аны коркутуп, кат жолдоп жатканы кабарланган. Айыпталуучу абакта «түбөлүк отурбасын, жакында эркиндикке чыгарын» жазып эскерткен.

Ногойбаева 20-октябрда «Азаттыкка» берген маегинде мурдагы күйөөсү окуя болгонго чейин «сен меники болосуң, болбосо өлтүрүп же бетиңе кислота чачып кетем» деп бир нече жолу айтканын билдирген. Учурда сот иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түбөлүк отурбайм, чыгам». Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү абактан коркутуп жатат 

Президент Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн бошоткон судьяны иштен алды