Бишкек шаардык соту жапырт кармалган 11 журналисттин баарын абакта калтырды

Temirov Live’дын жапырт кармалган азыркы жана мурдагы 11 кызматкери.

Бишкек шаардык соту жапырт кармалган 11 журналисттин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын канааттандырган жок. Соттун басма сөз кызматы арыздар 1-2 жана 5-6-февралда каралганын билдирди.

Шаардык сот Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин милиция тарабынан кармалганын мыйзамдуу деп таап, алардын баарын 13-мартка чейин абакта калтырды:

  • Махабат Тажибек кызы; 
  • Сапар Акунбеков;
  • Азамат Ишенбеков; 
  • Сайпидин Султаналиев; 
  • Актилек Капаров;
  • Тыныстан Асыпбеков; 
  • Максат Тажибек уулу;
  • Жоодар Бузумов;
  • Жумабек Турдалиев; 
  • Айке Бейшекеева;
  • Акыл Орозбеков.

Жапырт кармалган 11 журналист

16-январь күнү таң эрте милиция кызматкерлери Temirov Live командасынын азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин үйүн тинтүүгө алып, алар күбө катары сурак берерин айтып күчтөп тергөө бөлүмүнө жеткиришкен. Эртеси Биринчи май райондук соту алардын баарын эки айга ТИЗО-1ге киргизген.

ИИМ алар «Массалык башаламандыкка чакыруу» фактысы боюнча козголгон ишке шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айып Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган үч материал боюнча лингвистикалык экспертизанын негизинде коюлган.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров ИИМдин журналисттер жарыялаган материалдарда «массалык башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар» деген билдирүүсүн четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир цитата менен: Байсалов 11 журналистти камакка алуу — тарбиялоо чарасы экенин айтты