Шаардык сот Ырыс Жекшеналиевди актаган өкүмдү күчүндө калтырды

7-февралда Бишкек шаардык соту «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып тагылган активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокуратуранын апелляциялык арызын карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 4-декабрында 20 жаштагы активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевди актаган. Бир айдан соң айыптоочу тарап ишти жаңыдан кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүүнү өтүнүп, сотко кайрылган.

20-жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев дерлик жарым жыл камакта отурду. Ал УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин фейсбук барагындагы эски видеону «Полит Узник» барагына жарыялаганы үчүн 2022-жылдын августунда кармалган. Аталган видеодо Сегизбаев Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетпей, урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Ал эми прокурор активистти 7 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Жекшеналиев соттогу акыркы сөзүндө соцтүйүнгө видео бөлүшкөнү үчүн эле адамды эркинен ажыратып койгон болбойт деп билдирген

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активисты бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан. Блогер 2022-жылдын октябрында үй камагына бошотулган

ТЕМА БОЮНЧА:

«Айыпты койгондордун өздөрү — маразматиктер жана келесолор» — блогер Жекшеналиев кылмыш иши тууралуу